УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

      Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын жүргүзгөн аракеттерин бетин ачууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөлөрүн Кыргыз Республикасына кайтаруу жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер улантылууда. 

      2009-жылы Ооган-Пакистан конфлигинин аймагына кетип, ал жерден Өзбекистан ислам кыймылы «ӨИК» эл аралык террористтик уюмдун  катарына кошулган, ислам мамлекети «ИМ» эл аралык террористтик уюмдун  (ЭТУ) мүчөсү, Ю.А.Р. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасына кайтып келе жатып кармалды.

      КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-ж.) беренелеринин 226-4 1-бөлүгү,  299-1 3-бөлүгү, 375 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында,  2022-жылдын 6-декабрында Ош шаардык соту тарабынан Ю.А.Р.ды КР УКМК тергөө камак жайына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

      Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган адам интернет мейкиндиктеринде «ИМ» ЭТУнун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн медиа-террордук иш-аракеттерди да жүргүзүп келгендиги аныкталды..
      Учурда бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
WhatsApp Image 2022 12 14 at 13.08.00 УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды