Казакстан Республикасынын «ДОСТУК» ордени менен кыргыздын кыйындары сыйланды

Казакстан Республикасынын быйылкы эгемендигине карата сансыз саамалыктар уюштурулуп, ага карата арбын аракеттердин арты бүгүнкүгө чейин бүткөн жок. Бүгүн, 14-декабрь, улуттук тарых музейинде ири иш-чара өтүп, анда кыргыз-казак кызматташтыгына салмактуу салымын кошкон көрүнүктүү илим, маданият жана экономика ишмерлери сыйланды. Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан атайы бийик даражалуу “Достук” орденин 10 кыргыздын кыйындары, ошондой эле ардактуу грамотаны ар тармактын алдыңкылары алды. Жалпысынан 21 адам сыйлыктарга татыды.

Казакстандын ардактуу сыйлыгын бир эмес эки жолу алган Кыргызстандын Казакстандагы эң биринчи элчиси, академик, журналист Тилектеш Ишемкулов эң жакын эки элдин достугун баса белгиледи:

Дүйнөдө кыргыз-казактай жүрөгү, көз карашы, маданияты менен туташкан бир да эл жок. Ушундай достуктун бирден-бир үлгүсү бүгүнкү чоң салтанат. Берилген “Достук” ордени чыныгы достуктун белгиси деп эсептейм.

ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ

Байыртан калган байланыш эки мамлекет эгемендикке жеткенден тарта өзгөчө өстү. Эң биринчи элчилик да дал ушул Казакстанда ачылганын айтпасак болбойт. Андан бери дипломатиялык карым-катнаш күндөн күнгө бекемдеп, ар тармактуу кызматташтык кызуу жүрүүдө.

Кичинекей салым үчүн, ири сыйлык алган кызматкерлер сыймыктанганын жашырбайт.

“Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, элчи Рапиль Сейитхановичке өзгөчө ыраазычылык билдирем. Азды көп көрүп, ушундай деңгээлдеги сыйлыгы үчүн рахмат. Канча жылдык ишибизде ар бир ийгилигибизди колдоп келишет”

ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДАГЫ МУХТАР АУЭЗОВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙДИН МҮДҮРҮ САЛАМАТ ТАБЫШЕВА.
photo 5246849898857480368 y Казакстан Республикасынын «ДОСТУК» ордени менен кыргыздын кыйындары сыйланды

Коңшу эки улуттун улуттук идеологиясы да бир, улуттук интеллегенциясы да биримдиктүү. Эң жакын досторго айланган, ээрчишип эл аралаган, эриш-аркак элдин эки алпы Айтматов жана Шахановдун эстелигин Астанада  тургузуу идеясын көтөрүп, ишке ашыруу алдында турганын Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев маалымдады:

“Экономика, илим, билим, маданият көпүрөсү биздин өлкө үчүн аябай маанилүү. Эки мамлекеттин пайдалуу кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк маселелерине артыкчылыктуу көңүл бурулуп келет, мындан ары да дал ушундай нукта иш алып барууну улантабыз”

РАПИЛЬ ЖОШЫБАЕВ
photo 5246849898857480373 y 4 Казакстан Республикасынын «ДОСТУК» ордени менен кыргыздын кыйындары сыйланды

Салтанаттын жүрүшүндө маданий кызматташуунун үлгүсү болуп, казак жазуучусу Сауле Досжандын “Айылдан чыккан миллионер” китебинин кыргызча басылмасы таанытылды. Ааламдашуу заманында, баары технологияга чырмалган кезеңде уул-кыздарыбызды китеп дүйнөсүнө кайрадан тартууга, таалим-тарбиясы терең чыгарма.

Бул эмгек этнопедагогика үчүн маанилүү жаңылык экенин катышкан адабиятчылар да танган жок. Башында казак балдарын шыктандыруу үчүн жазган автор, азыр эми чыгармасы кыргыз балдарына да дем-күч берет деп ишенет.

“Бул чыгарма узун убакыт бышып, дыкат мамиле менен жазылды. Эл эртеңи – балдар. Мына ушул балдарыбызга өзгөчө бир мотивация болсун деп бул чыгарма жазылды. Кыргызча которулганы да жакшы жышаан. Которуп кыргыз окурмандарына арноого салымын кошкон Кыялбек Акматовго рахмат”

ЖАЗУУЧУ САУЛЕ ДОСЖАН.

Кыргызстан-Казакстан достугуна байланыштуу байма-бай сөз айтылып, ырлар окулуп, айтор ааламга эки бир тууган эл катары таанылган өлкөлөрдүн өргө карай биримдиктүү багытын далилдеген ири иш-чара болду.

photo 5246849898857480374 y Казакстан Республикасынын «ДОСТУК» ордени менен кыргыздын кыйындары сыйланды