Сириядагы согушка катышып жүргөн жаран кармалды

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон Кыргызстандын жараны өлкөгө кайтып келгенде кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, шектүү Ю.А.Р. 2009-жылы чет өлкөгө чыгып, «ИДУ» эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгон. 2015-жылы согуштук аракеттерге катышуу максатында Сирияга кеткен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүнү Ош шаардык соту 1 айга убактылуу камакта калтырды. Тергөө уланып жатат.