“Апамдын чайы”: Каттама жасаган Лира апаны шейх эс алууга чакырды

Боом капчыгайындагы “Апамдын чайы” аталышындагы тамактануучу жайдын негиздөөчү Лира апаны араб шейхи эки жумага Абу-Дабиге эс алууга чакырган. Бул тууралуу фут-блогер Адилет Ногойбаев билдирди.

Шейхке Лира апанын каттамасы абдан жагып калып, апанын каттамасын үйрөнүү үчүн мастер-класстарды өтүүнү суранышкан.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстанга үй-бүлөсү менен келген шейхти коштоп жүргөндөр Ысык-Көлгө бараткан жолдо жергиликтүү ашкана менен тааныштырышкан. Аларга каттама жана сүт чай аябай жаккан.

Сапардын уюштуруучулары айткандай, шейх Лира эжени үй-бүлөсү менен Абу-Дабиге чакырган.