“30 миң сом алып жаткан”: Активдүү интернет-блогер кармалды

Бул тууралуу УКМКдан Булак.кжге билдиришти.

      "УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча «Д.С.М.» аттуу активдүү интернет-блогер кармалды", - деп айтылат маалыматта.

      Такталгандай, кармалган блогер «Д.С.М.» социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган. 

      2022-жылдын 12-декабрында  «Д.С.М.» 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 

      Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

      Тергөө иштери жүрүп жатат.



WhatsApp Image 2022 12 14 at 10.06.21 "30 миң сом алып жаткан": Активдүү интернет-блогер кармалды
WhatsApp Image 2022 12 14 at 10.05.57 "30 миң сом алып жаткан": Активдүү интернет-блогер кармалды
WhatsApp Image 2022 12 14 at 10.06.08 "30 миң сом алып жаткан": Активдүү интернет-блогер кармалды