Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 17–декабрда ачылат

17–декабрда Кыргызстандагы кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара «ЗиЛ» тоо лыжа базасында өткөрүлөт.

«Бул иш чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар жана конкурстар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик кыргызстандыктарды кышкы туристтик сезондун ачылышына катышууга чакырат.