Абу-Дабиде эки тараптуу сүйлөшүүдө кандай документтерге кол коюлду? Тизме

Абу-Даби шаарында 31-октябрда президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

— Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнн ортосундагы макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза талаптарынан өз ара бошотуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү боюнча министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму;

— Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) жана Абу-Даби шаары (Бириккен Араб Эмираттары) ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө Макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Бириккен Араб Эмираттарынын кибер коопсуздук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Финансы министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Борбордук Банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ислам иштери жана вакфтар боюнча башкы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму.

5c59b0ca 1c4f 4bb7 9f1f 351c803a4428 1200x630 1 Абу-Дабиде эки тараптуу сүйлөшүүдө кандай документтерге кол коюлду? Тизме