Тумсо Абдурахманов тирүү жана аны полиция коргоого алган

Чеченстандын бийлигин сындап келген блогер Тумсо Абдурахманов тирүү жана аны полиция коргоого алган,- дейт Чеченстандын мурдагы талаа командири Ахмед Закаев. Бул тууралуу “Кавказ.Реалии” басылмасы жазып чыкты.

Тумсо Абдурахманов учурда тирүү жана Швециянын полиция кызматкери тарабынан кайтарууга алынган. Тумсо Абдурахманов инисин өлтүрүүгө даярдыктар боюнча Мюнхендеги сотко көрсөтмө берүүгө даярданып жатат. Швеция полициясы бул маалыматты тастыктаган дагы, четке дагы каккан жок.

Белгилей кетсек, 2-декабрь күнү белгисиз адамдар Тумсо Абдурахмановду Швециядан атып кетишкени кабарланган. Тумсо Абдурахманов чечен бийлигин сындаганы менен белгилүү. 2015-жылы ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жакындары менен жаңжалдашып, Орусиядан чыгып кеткен. Ал Швецияда саясий качкын макамын алган. Чеченстанда Абдурахманов “Ислам мамлекети” менен байланышы бар деп айыпталган.