Нарын шаарында “Биз зомбулукка каршыбыз аталыштагы” иш-чара өткөрүлдү

Бул тууралуу Нарын ОИИБи билдирди.

2022-жылдын 25-ноябрь күнүнөн 10-декабрь күнүнө чейин бүткүл дүйнөлүк «Зомбулуксуз жашоо» акциясынын негизинде Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы иш-чарасы өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 12 09 at 09.50.30 Нарын шаарында "Биз зомбулукка каршыбыз аталыштагы" иш-чара өткөрүлдү

Иш-чарага Нарын шаардык прокуратурасынан, Нарын шаардык кенешинен, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын облустук казыятынын өкүлдөрү жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышышты.

WhatsApp Image 2022 12 09 at 09.50.31 Нарын шаарында "Биз зомбулукка каршыбыз аталыштагы" иш-чара өткөрүлдү

Иш-чарада үй-бүлөлүк зомбулук, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата фактыларды алдын алуу макстадында лекциялар өткөрүлдү. Андан сырткары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана мектеп окуучуларынын катышуусунда сценкалар коюлуп, иш-чара концерттик программа менен коштолду.