31-декабрга чейин документтештирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча мобилдик топтор иштейт

Мобилдик топтор 8- декабрда иштей баштаган. Бул өнөктүк менен декабрь айынын соңуна чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жери боюнча бардык керектүү каттоо кызматтарын ала алышат. Мобилдик топтор өлкөнүн бардык аймактарында жарандардын жашаган жерине барып төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • паспортко документтерди кабыл алуу;
  • жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (туулууну каттоо, өлүмдү каттоо) жана күбөлүктөрдү берүү;
  • «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга арыздарды кабыл алуу;
  • жарандарды жашаган жери жана жүргөн жери боюнча каттоо;
  • чет өлкөлүк жарандарды каттоо;
  • жарандык маселелери боюнча консультация берүү жана документтерди кабыл алуу;
  • биометрикалык маалыматтарды каттоо;
  • ошондой эле, жеке идентификациялык номерди текшерип, күбөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү алууга болот.

Бул иш Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө. Мобилдик топтор Департаменттин аймактар ​​аралык бөлүмдөрүнүн, «Инфоком» МИ жана «Кыргыз почтасы» АК кызматкерлеринен түзүлдү.