
Судандан келген миллиардер Алаэльдин Хусейн Ахмед Ибрагим жана бир топ инвесторлор менен Кыргызстандагы Ысык-Көлдө “Асман экологиялык таза шаарын” курууну каржылоого даяр экенин билдирди.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, долбоордун жалпы наркы болжол менен $20 млрд. түзөт.
Инвесторлор Кыргызстанга сүйлөшүүлөргө келүүгө даяр.
Асман эко-шаары 500-700 миң тургундар үчүн иштелип чыгат. Долбоордун авторлорунун концепциясына ылайык, шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борборго айланат.
Анын жогорку окуу жайларын, колледждерди, мектептерди, бала бакчаларын, банктарды жана финансылык мекемелерди, бизнес-борборлорду, соода-көңүл ачуу борборлорун, ресторандарды, парктарды, клиникаларды, ооруканаларды, акылдуу үйлөрдү куруу пландары бар. Транспорт бир гана электр менен жүргөн унаалар болот. Бул экологиялык жактан да таза шаар болмокчу.
Келечектеги шаардын аянты 4 миң гектар болот.
Долбоорду 7-10 жылдан кийин ишке ашыруу пландаштырылууда.