Нарын ОИИБ: Кочкор районунда “Алдамчылык” фактысы менен шектүү кармалды

2020-жылдын 12-декабрь күнү Нарын ОИИБне Кочкор айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы Булак.кжге билдирди

Анда ошол эле жылдын 29-ноябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын өкмөтүнө караштуу Большевик айылында курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына чарба буюмдарын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн порталдык тендерге “ББ компани” ЖЧК менен катышып, конкурстун жыйынтыгы менен 2020-жылдын 15-ноябрында жеңүүчү деп табылып, “ББ компании” ЖЧК менен Кочкор айыл өкмөтүнүн ортосунда 89 060 (сексен тогуз миң алтымыш) сомдук келишим түзүлүп, белгиленген акча каражаты “ББ компани” ЖЧКнын эсебине толугу менен которулуп берилген.


89 060 сом акча каражаты толугу менен которулуп берилгенине карабастан, “ББ компани” ЖЧК башчысы А.У. мойнуна алынган милдеттемени аткарбастан, Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына чарба буюмдарын ушул күнгө чейин камсыз кылбай, акча каражатын өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жиберген. Натыйжада, Кочкор айыл өкмөтүнө материалдык зыян келтирилип, келтирилген чыгым өз түрүндө өндүрүлгөн эмес.
Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү ресстрине катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголгон.


Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1981-жылы туулган А.У. Бишкек шаарында жүргөн жеринен кармалып, 2022-жылдын 29-ноябрь күнү Кочкор райондук соту тарабынан бир айлык мөөнөткө ЖАКтын Нарын шаарындагы тергөө абагына камакка алуу туурасында бөгөт чарасы тандалган.
Азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Жогорудагы жарандан жабыркагандар болсо, Кочкор РИИБнө кайрылсаныздар болот. Байланыш номерлери: 0 (701) 706-667, 0 (702) 227- 474 жана 102.