Президент радио жана телевидение кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргызстандын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Кыргызстандын радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — радио  жана телекөрсөтүү  кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Учурда маалыматтык технологиялар, ошондой эле маалыматты жайылтуу жана коомчулукка жеткирүү жолдору тездик менен өнүгүүдө. Телерадио продукциясын жаратуу, иштеп чыгуу жана таркатуу ыкмалары күн сайын өркүндөп келет. Көрөрмандар менен угармандарга теле жана радио программаларын тандап көрүүгө, ылгап угууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Бул өз кезегинде аталган тармакта иштеген адистердин арасында атаандаштыкты күчөтүп, алардан маалымат алуу жөндөмүн тынбастан жакшыртууну, чыгармачылык менен талбай изденүүнү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууну, ошол эле учурда ыкчам аракетти талап кылат.

Өлкөбүздүн радио жана телекөрсөтүү кызматкерлери мезгил талабына жооп берип, ата мекендик аудиториянын телерадио продукциясына болгон суроо-талаптарын канааттандырып жаткандыгына ишенем.

Социалдык тармактардын өнүгүшү менен салттуу журналистика мазмуну жагынан да, коомчулукка жеткирүү ыкмалары жагынан да ары сапаттуу, ары актуалдуу контент берүү артыкчылыктарында камчы салдырбайт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары ар бир адамдын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойнойт, ал коомдук пикир жаратуунун, чыгармачыл эмгектерди, руханий жана улуттук баалуулуктарды жеткирүүнүн, мамлекеттик саясаттын башкы багыттарын жалпы коомчулукка жайылтуунун алмаштыргыс куралы болуп саналат.

Сиздердин кесибиңиздер өтө кызыктуу жана өтө маанилүү, сиздер кандай керемет инсандар менен баарлашып, кандай гана кайталангыс тагдырларды чагылдырып бересиздер, дайыма өлкөдө болуп жаткан окуялардын чордонунда жүрөсүздөр. Масс-медиага өз кесибин берилип сүйгөн, болуп жаткан окуяларды ар тараптуу жана калыс чагылдыра алган, таланттуу адистер ар дайым керек.

Бул майрам — жалгыз эле чыгармачыл адамдардын эмес, радио жана телекөрсөтүүнүн техникалык кызматкерлеринин да майрамы. Алардын аркасы менен кыргызстандыктар түркүн түрдүү маалыматтардын күбөсү болуп келе жаткандыгын белгилей кетейин.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик  майрамыңыздар менен куттуктап, чыгармачылык эргүү, креативдүү идеяларды жана бакубат өмүр каалайм!».