Кытайдын вице-премьери Кыргызстанга келет

Кытайдын өкмөт башчысынын орун басары Ху Чуньхуа Кыргызстанга сапар менен келет. Бул тууралуу Кытай өкмөтүнүн «Синьхуа» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кытайдын вице-премьери 8-10-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстанга сапар жасайт. Ал Кыргызстан жана Өзбекстанга өкмөттөрдүн чакыруусу менен келүүдө.