Социалдык фондго төлөмдөрдү жүргүзүп жүргөн адамдар гана пенсияга чыга алышат, – Алиев

Кыргызстанда 2022-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735 миң адамды түзсө, иштеп жаткан адамдардын саны 1 млн 400 миңди түздү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Улан Бакасов өлкөдө бир пенсионерге канча иштеген адам туура келерин сурап, “жыл сайын пенсионерлердин саны өсүп жатабы же каскаруудабы?”, деп кызыкты.

“Бир пенсионерге иштеп жаткан адамдардын 0,8 пайызы туура келет. Пенсионерлердин саны жыл сайын өсүүдө. Жылына орточо эсеп менен пенсионерлердин санына 50 миңге чейин чектөө бар”, — деди Социалдык фонддун төрагасы.

Ошондой эле, депутат “эч жерде иштебеген адамдар канча сом менен пенсияга чыгат?”, деген суроо узатып, өмүр бою малчы, дыйкан болуп эмгектенген адамдарды мисал келтирди.

“Социалдык фондго төлөмдөрдү жүргүзүп жүргөн адамдар гана пенсияга чыга алышат. Эгерде Социалдык фондго төлөбөсө, социалдык коргоодон 2000 сомго чейин жөлөк пул алат. Бул пенсиянын ордуна жөлөк пул катары төлөнүп берилет”, — деп жооп берди Бахтияр Алиев.