Башкы прокуратуранын депутаттарга карата жасаган басымы боюнча жумушчу топ түзүлдү

Башкы прокуратуранын Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевге карата жасаган басымы боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда парламенттин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

“Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевге Башкы прокуратурасы тарабынан көргөзүлгөн басым боюнча бир нече кайрылуулар айтылган. Кайрылуулардын негизинде өлкө башчы Садыр Жапаров жумушчу топ түздү. Аталган жумушчу топко бир жумалык убакыт берилди. Аталган убакытта жагдайларды териштирип, иштин корутундусу президент Садыр Жапаровго тапшырылат. 

Бул маселе көңүл борборунан чыгып кеткен жок”, – деди Шакиев.

Эскерте кетсек, 30-ноябрда депутат Атазов суракка алуу үчүн Башкы прокуратурага барган. Ошондой эле депутат Токторбаев да Башкы прокуратурага сурак берүү үчүн барганы маалым болгон. Эки депутат тең мурда ЖКда жарыяланган маалымат боюнча чакырылганын көзөмөл органынан түшүндүрүштү.