Депутат: “Гүлшайыр Садыбакасова 22 жылдан бери директор болуп, бир да ремонт кылган эмес”

7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ош облустук филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын кызмат ордуна ылайыктуулугун кароону сунуштады.

Ал маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошевге кайрылып, депутаттар Ош облусуна көчмө жыйынга барып келишкенин айтты.

«Ырысбай Абдыкадыров атындагы филармонияны карайсыңарбы? Акча бөлүнөбү?», – деп сурады депутат.

Колдошев оңдоп-түзөөгө акча берилерин, филармония учурда капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирди.

Депутат филармониянын абалы начар экенин белгиледи.

«Директору 2000-жылы шайланыптыр, 22 жылдан бери иштеп келе жатыптыр. Ушунча жылдан бери иштеп келе жаткандан кийин капиталдык ремонт кылбаса да, тешилип калган полду, урап жаткан дубалды оңдосо болот беле?

22 жылдан бери жакшы жыйынтык көрсөтпөгөндөн кийин, балким кызмат ордун кайра караш керек. Жаңы, жаш кадрлар бар да», – деди Аида Исатбек кызы.

Колдошев филармониянын директору эмгек сиңирген артист Гүлшайыр Садыбакасова экенин айтып, филармониянын өнүгүп-өсүшүнө Садыбакасованын салымы чоң экенин, бул маселеге министр жооп бергени туура болорун кошумчалады.