Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерине зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин өлкө аймагында зомбулукка каршы үндөгөн “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” аталышындагы масштабдуу кампания өтүп жатат. Анын алкагында Ички иштер министрлиги тарабынан зордук-зомбулукту алдын алуу максатында “Зомбулуксуз жашоо” акциясы уюштурулуп, жарандар, студенттер, окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зомбулукту, аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулукту алдын алуу боюнча милиция тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилүүдө.

WhatsApp Image 2022 12 08 at 15.40.45 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерине зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Буга утурлай, 8-декакбрь күнү ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишин координациялоо бөлүмүнүн демилгеси менен “Зомбулукту алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары” темасында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенттери менен атайын жолугушуу уюштурулду. Анда зомбулук жасалган учурларда мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер, зомбулуктун келип чыгуусунун себептери тууралуу маек курулуп, укуктук жактан кеңештер берилди.

Андан сырткары, семинардын жүрүшүндө, улук инспектор Жылдыз Осмонова кыскача видеороликтерди көрсөтүп, студенттер менен бирге талкуулады. Студенттер менен жолугушуу учурунда коомдо орун алган кайдигерлик дагы зомбулукту алдын алуу маселелерине тоскоолдук жаратып жаткандыгы белгиленди.
Семинар суроо-жооп форматында өтүп, студенттер менен ачык маектешүү болду.

WhatsApp Image 2022 12 08 at 15.40.45 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерине зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Сүрөт ИИМдин Басма сөз кызматына таандык