Шайлообек Атазов: Бир суткада спортчуга 109 сом, машыктыруучуга 83 сом жетиштүүбү?

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Каржы министри Алмаз Бакетаевге кыргыз машыктыруучуларына иш сапарга чыкканда бир суткасына 83 сом, спортчуларга 109 сом берилерин айтып сынга алды.

“Азыр Кыргызстанда бокс боюнча өлкө чемпионаты өтүп жатат. Бардык региондордон келген машыктыруучу, спортчуларга акча аз бөлүнүп келет. Көп жылдан бери бул маселени эмнеге карабай жатасыздар?”, -деп суроо узатты.

Өз кезегинде Каржы министри Алмаз Бакетаев азыр бул маселе курч абалда экенин, бирок заматта чечүүгө мүмкүн эмес экенин айтты.

“Бул аябай орчундуу маселе, тамак-ашы боюнча каржы суроосу интернат, бала бакча, мектептерде да бар. Учурда аталган жайларда 30, 80, 200 сомдон ставкалар бар, аларды көтөрүү маселесин жалпылап караганда 2 млрд 400 млн сом акча керектелет экен. Курчуп турган бул маселени кезеги менен карап чыгууга сунуш келди. Бирок, азыркы маалда дароо көтөрүп коюуга мүмкүнчүлүк болбой жатат”, – деди министр.

Белгилей кетсек, келе жаткан 2023-жылга спорт тармагына жумшоо максатында мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 451 млн сом бөлүнөт.