
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 7-декабрдан 8-декабрга чейин тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.