Зордуктоого шектелген Мамаевдин ишин сот кайра кароого жөнөттү

Бишкектин Свердлов райондук соту актёр Чыңгыз Мамаевге козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөттү.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим 22-ноябрда кабыл алынган.

Буга чейин актёрду 27 жаштагы Германиянын жараны зордуктоо боюнча айыптаган.

Өз кезегинде милиция кызматкерлери Мамаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер») боюнча шектүү катары кармашкан. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш сотко жөнөтүлгөн.