ИИМ: Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму учурунда Ички иштер органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт

2022-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму өтөт. ЖЕЭК жыйынынын алкагында бир катар иш-чаралар пландаштырылып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлөт.

Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик иш сапары менен келет.

Эл аралык масштабдагы иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан укук тартибин тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттарынын эсеби жүргүзүлүп, ага ылайык коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 4 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат. Милиция, расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат.

Ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым тилкелерде транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет, буга байланыштуу жарандардан көрүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

ИИМдин басма сөз кызматы