
Бишкектин Свердлов райондук соту актёр Чыңгыз Мамаевге козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөттү.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим 22-ноябрда кабыл алынган.
Буга чейин актёрду 27 жаштагы Германиянын жараны зордуктоо боюнча айыптаган.
Өз кезегинде милиция кызматкерлери Мамаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер») боюнча шектүү катары кармашкан. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш сотко жөнөтүлгөн.