
Тоодо аңчылык кылып жүрүп, дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы “Кичи-Тоо” тоосунан изделип жаткан З.Д. аттуу аңчынын сөөгү ӨКМдин «Эдельвейс» тобунун 7 тоо куткаруучусу жана Сокулук районунун 4 куткаруучусу тарабынан табылды. 50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлдү.
Эске салсак, 27-ноябрь күнү 1961-жылы туулган А.Б. жана 1972-жылы туулган З.Д. тоого аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.