Депутат: Жамгырчиевдин унаасынан жана үйүнөн тыңшоочу аппарат табылды

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын башында депутат Жанар Акаев кесиптештери жана партиялаштары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков боюнча сөз кылды.

«26-ноябрда кечинде «Альянс» фракциясынын 2 депутаты Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда, Жамгырчиевди күч органдары мыйзамсыз кармап, Бишкек шаарына алып келишкен. Анын чет өлкөгөчыгуу укугу бузулду. Жогорку Кеңештин депутатын күч органдары кармап, ал жакка баспа, бул жакка бас дегени туура эмес.

Биз бул окуяны Жамгырчиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырабыз. Жамгырчиевге
2018-жылы кылмыш иши козголуп, райондук, шаардык соттор жана Жогорку сот аны актаган.

Бирок ошого карабастан азыркы күнү ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатат. Кечээ күнү Жамгырчиевдин унаасынан жана үйүнөн үн, видео жаздыруучу аппараттар табылды. Депутат добушу үчүн жооп бербейт, бул Конституцияда так жазылган», – деди Акаев.
Ал күч органдарынан бүгүнкү күндөн калбай айтылган окуя боюнча маалымат берүүнү талап кылды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев окуя болгон күнү эле тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилеринен түшүндүрмө сураганын айтты.
«Алар мага оозеки түшүндүрүштү. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, болгону кылмыш ишинин негизинде гана сурадык, кармалган жок, биз дагы мыйзамды сактайбыз деп айтышкан. Баары көзөмөлдө», – деди Шакиев.