Масалиев Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартты

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан ден соолугуна байланыштуу баш тартты. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Парламенттин 28-сентябрдагы отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.