Meta Кыргызстанда АКШнын саясатын жүргүзгөн ондогон күмөн баракчаны өчүрдү

Мета компаниясы Фейсбук менен Инстаграм социалдык тармактарында күмөн жараткан аккаунттарды өчүрдү.

Бул аккаунттар Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы өкүлдөрүнө таандык болчу. Метанын маалыматы боюнча, АКШнын аскерлери Фейсбук менен Инстаграм аркылуу Афганистан, Алжир, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Сомали, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан жана Йеменге көз салып турчу.

Андан тышкары, Твиттер, Ютуб, Телеграм, ВКонтакте жана Одноклассники платформалары да колдонулуп келген.

Мета ички иликтөөсүнөн кийин АКШда Фейсбуктагы 39 аккаунтту, 16 баракчаны, 2 тайпаны жана Инстаграмдагы 26 аккаунтту өчүрдү. Андан тышкары, Кытайда Фейсбуктагы 81 аккаунт, 8 баракча, 1 тайпа жана Интстаграмдагы 2 аккаунт өчүрүлдү. Россияда болсо Фейсбуктагы 1633 аккаунт, 703 баракча, 1 тайпа жана Инстаграмдагы 29 аккаунт өчүрүлдү. 

Анда түйүндүн артында тургандар өздөрүн аталган өлкөнүн тургундары катары көрсөтүшкөнү айтылат. Бирок компаниянын иликтөөсүндө алардын америкалык аскерлер менен байланышы бар экени аныкталган.