Мета компаниясы жапырт кыскартууларга барат

Facebookтун башкы компаниясы Meta өткөн айда дүйнөлүк экономикалык кризистин шартында кирешеси 80 миллиард долларга төмөндөп кеткенден кийин миңдеген жумуш орундарын кыскартууну пландап жатат.

Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, алгачкы кыскартуулар шаршемби күнү жарыяланат.

Фейсбуктан тышкары Instagram социалдык тармагына жана WhatsApp мессенджерине да ээ болгон Meta компаниясында дүйнө жүзү боюнча 87 миңдей адам иштейт.