Дем алышта Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда дем алышта 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Аламүдүн районунун Мурас-Ордо конушундагы Тендик көчөсүндө жыгач устундуу темир менен жабылган 70 чарчы метр эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Суу районунун Кайрагач айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган бир жарым кабаттуу турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, эки бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.