Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок, – УКМК

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайы кызмат кабарлагандай, депутат Айдарбеков суракка чакырылган эмес. Ал казак-кыргыз чек арасын кесип өткөн.

Буга чейин эл өкүлү Элвира Сурабалдиева социалдык тармактардагы расмий баракчасы аркылуу төмөндөгүлөрдү кабарлган.

«Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков тажияга баратышкан. «Ак Жол» өткөрмө бекетинде Жамгырчиевдин сыртка чыгышына тыюу салуу бар экени билинген. Аны УКМК кармады. Биз чогулуп, аны бошотушту», — деп жазды ал 27-ноябрга караган түнү саат 01:54тө Фейсбуктагы баракчасына.

Ал эми кечээ Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен байланыша албай жатканын айткан.