Алмаз Жоробеков президентке: Ишенбесеңиз, туугандардан сураңыз

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Элдик курултайдын экинчи күнүндө Алай районунан келген өкүл Алмаз Жоробеков бийликке сын айтты.

«Садыр Нургожоевич, башында сиздин айткан сөзүңүз бар да: «Мен Исхак Раззаковду кумир тутам» деген. Сиз ошол кумириңиздин, Исхак Раззаковдун анча-мынча өмүр баянын күнүгө бир жолу эстеп коюңуз. Себеп дегенде эл ичинде жаңы бир сөз пайда болгон: «биринчи, экинчи» деген. Биринчи — сиз, экинчи — Ташиев. Ишенбесеңиз, туугандардан сураңыз.

«Биринчинин адамдары мындай кылат, экинчинин адамдары түкүндөй кылат», — деп жатышат. Эгер сиз элге кызмат кылып, Кыргызстанды өнүктүрөм десеңиз, ушул нерселерди жакшылап караңыз. Себеби сизди эл аябай жакшы көрөт эле, анын ичинде мен дагы. Бирок сизге сүйүүм мурункуга караганда кайтты, элдики да кайтты», — деди ал.