Жалал-Абад шаарына 1 млн 858 миң сомго стелла курулду

Жалал-Абад шаарынын түндүк тарабынан кире беришине «Жалал-Абад шаары» деген стелла курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стелланын айланасы жарыктандырылып, брусчатка төшөө жана газон себүү жумуштары аткарылган. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн 858 миң сом акча каражат сарпталды.

Курулушу аяктаган объекти менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басары Элдос Таев, мэриянын Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматжан уулу таанышты.