Ферганада дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү Кыргызстандан табылды

2020-жылдын 22-ноябрында Кыргызстандын Баткен районунан Ферганада дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкенин qalampir.uz сайты жазып чыкты.

Ш.Х. аттуу аялдын күйөөсү Фергана райондук ИИБге кайрылып, Хасилот конушунда жашаган аялы И.Х. Бул күнү саат 03:00дө эч себепсиз үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Андан кийин кайрылып келбей, дайынсыз жоголгон.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жаран И.Х.нын жансыз денеси Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Халмиян айылынан агып өткөн суудан табылган.

Соттук-медициналык экспертиза маркумга «дем алуу жолдорунун сууга толуусунан, латка, жараат жана чекенин жумшак терилеринде кан агуудан келип чыккан механикалык асфиксия» деген алдын ала диагноз койгон.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул жагдайга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат.