Турак үйдөн өрт чыгып, анда үй ээси каза тапты

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда турак үйдөн өрт чыгып, анда үй ээси көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 03:50дө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 04:15те №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм, 1 суу ташыгыч унаа, саат 04:42де Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 05:45те чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлдү.

Жалпы аянты болжол менен 130 ч.м. жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен өрттөндү. Ошондой эле үйгө кошулган сарай, таштанды күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган Л.О.А. аттуу үй ээси каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.