Президент журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылгандыгын ЖМК аркылуу билген

Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылгандыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

“Соттун чечими ушундай болду. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери соттун чечимин гана аткарды”, — деди ал.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишкен. Малыматтар боюнча Темировду «Манас» Эл аралык аба майданына алып барып, Орусияга учакка салышкан. Учурда ал Москвада.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.