Кыргыз армиясындагы “дедовщинанын” айынан алты айда алты бала өлдү, – делегат

Кемин районунан Элдик Курултайга келген делегат Сартпай Курманалиев армиядагы “дедовщина” маселесине токтолду.

«Коргоо министрлигинде терең реформаны жүргүзүү керек. Кыргыз армиясындагы “дедовщинанын” айынан алты айда алты бала өлүп кетти. Эмне үчүн коргоо министри (ред.: Бактыбек Бекболотов) жооп бербейт, аны трибуналга бериш керек. Уставга каршы иштер аткарылса, курултайдын делегаттарынын алдында көзөмөлгө алынсын”, — дейт ал.