МедиаХаб: Орусияда баңгизат ташып абакка түшкөндөр

Орусияда баңгизат ташуу менен кармалган кыргызстандыктардын саны 2022-жылдын эки кварталында эле 500гө чукулдаган. Бул тууралуу “Орусияда баңгизат ташып абакка түшкөндөр ” аталыштагы “МедиаХаб” иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө акыркы жылдары кыргызстандыктардын үрөйүн учурган Россия Федерациясынын 228-беренеси тууралуу кеңири түшүндүрүп берилген. Орусиянын аймагында жүрүп, баңгизат же психотроптук заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо, ташуу, көбөйтүүгө шектелип кармалгандар көлөмүнө жараша 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Соттолгон Кыргызстандын жарандарын өлкө аймагына которууга 7-8 айдан тарта 1,5 жылга чейин убакыт керектелет. Прокуратура берген маалыматка ылайык, эки жыл ичинде Орусияда баңгизат ташуу менен кармалган 16 кыргызстандыкты өлкөнүн абагына которууга мумкүн болгон. Бул аябагандай аз.

“МедиаХаб” журналисти Мээрим Айныкеева баңгизат менен кармалган 19 кыргыз жаранынын окуясын соттун чечими менен чогулткан. Анда айыпкерлердин жашы 19да болсо, эң улуусу 31де. Алардын жакындары бири-бирин колдоо максатында Whatsapp социалдык түйүндөн “Сабырдуулук” деген эки группа ачышкан. Группадагы жалпы катышуучулардын саны 200дөн ашат. Андагы ар бир экинчи жазышуу уулунун аман-эсен өлкөнүн абагына которуп алуусун тиленип жазгандар. Себеби, Кыргызстандын абагына которуу боюнча чечимди Орусиянын сотунан көз каранды. Чет жакка иштеп келем деп кетип, азгырыктуу сунушка кирип алып, азыр кырчындай өмүрлөрүн түрмөдө өткөзүп жаткан эки кыргыз жаранынын жакындары иликтөөгө сүйлөп беришкен. Алардын биринин уулу курьер болуп иштесе, бири такси кызматында иштечү. Уулдарынын кантип бул ишке азгырылып кеткендерин бүгүнкү күнгө чейин түшүнө албай келишет.

Иликтөө оңой акча артындагы оор тагдыр турарын дагы бир ирет эскерткен. Автору “МедиаХабдын” журналисти Мээрим Айныкеева.

Иликтөөнү бул шилтеме аркылуу көрсөңүз болот: https://www.youtube.com/watch?v=LocEt72Vcdk