ИИМ диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Ички иштер министрлиги өлкө аймагында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

2022-жылдын 21-26-ноябрь күндөрү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келген “Борбордук Азиянын Евразия фонду” коомдук фондунун колдоосунда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорундагы, шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү болгон аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана башка жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу” темасында семинар-тренингтер өткөрүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 10.33.01 ИИМ диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө


Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, “Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” темаларында атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.
Ошондой эле, катышуучуларга экстремизм жана терроризм багытында даярдалган атайын буклеттер, эстеткичтер таратылып берилди.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 10.33.02 1 ИИМ диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө


Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, алдын алуу боюнча иш-чараларды жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү коомдук алдын алуу борборлору менен бирге жүргүзүү абзелдигин талкуулашты.


Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу жатындагы мыйзамдуу так маалымат алуу жана малымдоо булактары көргөзүлдү.


Белгилей кетсек, коомчулук үчүн маанилүү болгон бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында өткөрүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 10.33.03 ИИМ диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө


ИИМдин Басма сөз кызматы