“Башка жерден төрөйбүз!”: Кара-Буура районунда жаран төрөтканадан баш тарткан

Талас облусунун Кара-Буура районунда төрөтканадагы окуя талкууда.

Видео Вulak.kg редакциясына окурмандардан келген.

Анда Кара-Буура районунун төрөтканасынын башкы врачы менен аталган жайда кабыл алынган кош бойлуу Азиза аттуу жарандын күйөөсүнүн ортосундагы пикир келишпестик орун алган.

Төрөт учурунда колго тагынчу медициналык мээлейди берип жаткан учурда врач”сенден эч нерсе кереги жок, биз дагы сенден баш тартканга укугубуз бар” деген.

Башкы врач телефонго тартып жаткан адамдан анын видеосу бир жакка чыгып кетсе, “көргөзөм” деп айтканы бар.

Сыягы, учурда бул төрөтканадан Азиза аттуу айым баш тарткан.

Учурда ал кайсы жерден көз жаргандыгы тууралуу маалымат жок.

Кошумча маалымат берилет.