
Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылганы боюнча депутаттык топ түзүлдү.
Топтун курамына төмөнкү депутаттар кирди:
— Чынгыз Ажыбаев, «Элдик» депутаттык тобу
— Алишер Козуев, “Ата-Журт Кыргызстан”
— Талант Мамытов, «Ынтымак»
— Эмил Жамгырчиев, «Альянс»
— Айсара Абдибаева, «Ишеним»
— Динара Ашимова, «Ыйман нуру»
— Гуля Кожокулова, «Бүтүн Кыргызстан»
— Ырысбек Атажанов, «Мекенчил» депутаттык тобу.
Депутат Өмүрбек Бакиров бир жума мурун «жумуш орундарын оптималдаштыруу максатында» иш бөлмөсүнөн чыгарылган.