Ысык-Көлдө ИИМ жетекчилигинин облустун жашоочулары менен жолугушуулары жыйынтыкталууда

19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ысык-Көл облусунун эли менен болгон жолугушууларды жыйынтыкташат.
Мамлекеттик бийлик өкүлдөрү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча бүгүн К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрында укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жана калктын жашоо-турмушун камтыган маселелери боюнча Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун тургундары менен жолугушууну өткөрүүдө. Жолугушууга 800дөн ашык жарандар келди.


Жолугушууда сугат жана ичүүчү суу, медициналык кызмат көрсөтүү, жеке менчикке өткөн бала бакчалардын имараттары, билим берүү, узак соттук териштирүүлөр, жолдорду оңдоо жана жаңы жолдорду куруу маселелери айтылууда.


Мындан тышкары, жарандар башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдон жарандардын укуктарын бузууга жол бербөөнү жана мыйзам чегинде арыздарды, даттанууларды текшерүүнү жана жеке көзөмөлгө алууну суранышты. Арыздарды кароодо бюрократиялык көрүнүштөр жана создуктуруу фактылары орун алып жатканы белгиленди.


Адылбек Бийбосунов бул маселеге өзгөчө көңүл бурулуп жатканына ишендирди. Министрликтин аймактык бөлүмдөргө койгон негизги талаптарынын бири -кыргызстандыктардын арыздарын жана даттанууларын кароодо сапаттуулук жана кесипкөйлүк болуп эсептелинерин белгиледи.

WhatsApp Image 2022 11 19 at 09.11.06 Ысык-Көлдө ИИМ жетекчилигинин облустун жашоочулары менен жолугушуулары жыйынтыкталууда
WhatsApp Image 2022 11 19 at 09.11.06 1 Ысык-Көлдө ИИМ жетекчилигинин облустун жашоочулары менен жолугушуулары жыйынтыкталууда
WhatsApp Image 2022 11 19 at 09.11.05 Ысык-Көлдө ИИМ жетекчилигинин облустун жашоочулары менен жолугушуулары жыйынтыкталууда

ИИМдин Басма сөз кызматы