Ысык-Көлдө жырткыч кушту сатып жаткан жеринен Чүй облусунун тургуну кармалды, – сүрөт

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.      

18-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлерине белгисиз жаран Балыкчы шаарынын четинде жырткыч кушту сатууга аракет көрүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Izobrazhenie WhatsApp 2022 11 19 v 12.53.22 Ысык-Көлдө жырткыч кушту сатып жаткан жеринен Чүй облусунун тургуну кармалды, - сүрөт

Бул маалымат боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жырткыч кушту сатууга аракет кылган жаранды аныктоо боюнча ыкчам издөө иштери колго алынып жүргүзүлдү. Издөө иштеринин натыйжасында, болжол менен бүркүт жырткыч кушун сатып жаткан жеринен Чүй областынын 51 жаштагы тургуну М. Н. кармалган. Текшерүү жүргүзүү учурунда, аталган жаранда сатууга тиешелүү уруксат документтери жок болуп чыкты.

Аталган факты Балыкчы ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн топтолгон иш кагаздар шаардык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралары өтүүдө.