Токтогулда жалпы медициналык борборунун башчысы кармалды

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылып, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени ачыкталды.

Screenshot 2022 11 19 11 51 47 451 edit com.whatsapp Токтогулда жалпы медициналык борборунун башчысы кармалды

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы Ж.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш актыларына кол койгон.

Бул факты боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга же башка жеке кызыкчылыктарга пайда алып келүү максатында) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган Ж.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.