Оор кылмышка шектелген жаран Россияда кармалды

Адам өлтүрүүгө шектелип, мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган жаран Россияда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 13-июнга караган түнү Жалал-Абад шаарындагы курорттук аймакта киши колдуу болгон 20 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Ага байланыштуу Кылмыш кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери шектүү катары эки адамды кармаган. Айрымдары чет жерге качып кетүүгө жетишкен.

Кылмышка шектүүлөдүн бири 21 жаштагы М.А. уулу 16-ноябрда Москвада кармалган. Ал июль айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.