Баткенде оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалышты


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Баткен облусунун ИИБдин кызматкерлери менен биргеликте оор кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө.


Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургандарынан турган адамдардын тобу мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасады деп шектелүүдө. Бул топтун бардык катышуучулары диний агымдардын бирине берилген. Алардын лидери, руханий насаатчысы “Абу Нур” деген лакап ат менен белгилүү Г.К аттуу жаран болуп саналат.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 14.03.12 1 Баткенде оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалышты


Алар жарандарга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирип келишкен, анын ичинде үйлөрдүн ичине кирип, бир нече миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдашкан. Шектүүлөр андан башка дагы кылмыштар боюнча шектелип тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, бул адамдардын тобу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө жана каршылык көрсөтүү менен байланышкан башка укукка каршы аракеттерди жасашкан деп шектелүүдө.
Бир күн мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Баткен облусунун ИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн жашаган 3 дарегине уруксат берилген тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.
Бул топ Кызыл-Кыя шаарында жашап, алардын экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары аныкталган.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 14.03.12 Баткенде оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалышты


Мындан тышкары, тыюу салынган заттарды, тагыраак айтканда, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүрүшү мүмкүн деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Соттун чечими менен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болгон үч адамга карата бөгөт коюу чараларын камакка алуу түрү тандалды. Учурда, тергөө ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын жыйынтыгы менен процесстик чечим кабыл алынат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

YouTube video