Баткенде мыйзамсыз ташылып бараткан товарлар аныкталды

Баткенде контрабандалык товарларды алып чыгуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын Контрабандага жана жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, КР УКМК ЧК жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте, Баткен районунун Кара-Бак айылында Тажикстан Республикасы менен чектеш аймагында КР жараны Т.М.А.  башкаруусундагы «Toyota Previa» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Бажы текшерүүсүндө автоунаанын жүк бөлүгүнөн, жалпы салмагы 450 кг болгон 9 кап өлчөмүндө тамекинин сабагы насыбайдан майдаланган махорка — товары табылган. Жүк бажылык тариздөөсүз, Тажикстан менен чек ара аймагында сатуу үчүн тиешелүү жүк коштоочу документтери жок болгон.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 180 миң сомду түзгөн.

Бул иш боюнча материалдар Кыргыз мыйзамдарында белгиленген тартипте Баткен райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 372-1-беренесине ылайык, укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарлар ташылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка транспорт каражаттары) бажы алымдарынын жана туумдардын төлөнгөндүгүнө же төлөнбөгөндүгүнө карабастан конфискацияланууга жатат.

Баткен райондук сотунун чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланган.