Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылды. Бул маалыматты депутат өзү тастыктаган.

Маалыматка караганда, түшкү тыныгууга чейин депутаттын жардамчыларына 705-бөлмөнү бошотуу талабы менен Президенттик аппараттын иш башкармалыгы кат калтырган.

«Жардамчыларым түшкү тамактануудан келгенде менин бардык буюмдарымды кеңседен коридорго алып чыгып кетишкенин көрүшүптүр», — деди ал.

Депутат буга чейин бул тууралуу кабарланбаганын айтты.

Президенттик аппараттын иш башкармалыгынан келген катта депутат 18-ноябрда саат 13:00гө чейин кабинетти бошотуу керектиги айтылат. Бул жумуш орундарын тартипке келтирүү жана оптималдаштыруунун алкагында жасалып, депутатка башка кызмат иш бөлмө берилээри жазылган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 17-ноябрындагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселе каралып жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Бакиров кайым айтыша кеткен.

xskrinshot 18 11 2022 174740.jpg.pagespeed.ic .Wuqs4IKP W Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылды