ИИМ: Октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы толугу менен төлөнүп берилди

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо максатында, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.


Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин буйругу чыккан. Анда ар бир айда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы менен кошо үстөк акы 20000 сом төлөнүп турат. Ошондой эле, өзгөчө абалда кызматын өтөшкөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин материалдык жактан шыктандыруу максатында Баткен облусунун ИИБдин бир катар бөлүктөрүнө ай сайын кошумча акы төлөнүп берилип турат. Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызматын өтөшкөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына ар бир ай сайын 30000 сомдон үстөк акы кошумча төлөнүп берилет.

Бул үстөк акы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турат.


Бүгүнкү күнү ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат. ИИМдин Күзөт кызматы менчик ээлеринен келишим боюнча келип түшкөн өзүн-өзү актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен камсыздалат. Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы күзөт кызматын көрсөткөндөрү үчүн келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул иш-чаралар толук аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлери 1-октябрдан тартып үстөк акы толук кайрадан төлөнүп берилет.