Кадамжайда “Бахус” аталышындагы рейд өттү

2022-жылдын 17-ноябрь күнү Кадамжай РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө бөлүмчөсүнүн жана коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери “Бахус” аталыштагы кечки рейддик иш- чара өткөрүштү.

Анда жалпысынан 389 автоунаа текшерилип , анын ичинен 1 мас абалда унаа башкарган, 3 документи жок унаа башкарып жүргөн, 1 айнегин карангылатып алган айдоочулар аныкталды. 4 автоунаа айып аянтчасына киргизилип, жалпысынан 44 айдоочуга укук бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүлдү.

WhatsApp Image 2022 11 18 at 09.36.36 Кадамжайда "Бахус" аталышындагы рейд өттү
WhatsApp Image 2022 11 18 at 09.36.36 1 Кадамжайда "Бахус" аталышындагы рейд өттү

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы