Нарын ОИИБи: Медицинага чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуутулар өткөрүлдү

Кечээ, 14-ноябрь күнү Нарын ОИИБдин кызматкерлерине Нарын шаарынагы медициналык колледжинде Нарын ОИИБдин медициналык кызматы менен биргеликте окуу залында медицинага чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутуулар жүргүзүлүп, анда сергектикке багыт берүүчү жалпы адамдардын ден соолугуна биринчи жардам көрсөтүүнүн эрежелери жөнүндө тийиштүү кызматкерлер тарабынан атайын муляждын жардамы менен толук кандуу түшүндүрмө берилип өттү.

Медицинага чейинки биринчи жардам- бул эң жөнөкөй, адамдын өмүрүн майып болуудан сактап калуучу медициналык иш-чара. Кырсык болгон учурда жанында жакын турган же авариялык куткаруучулардын же медициналык кызматкерлердин жардамы менен табелдик же дайыма колдонулуучу каражаттарды колдонуп, жабырлануучуга жардам көрсөтүү болуп саналат.

Мына ушундай иш-чара шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлелерине да өткөрүлүп, кеңири маалыматтар берилүүдө.

WhatsApp Image 2022 11 15 at 11.18.38 Нарын ОИИБи: Медицинага чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуутулар өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 11 15 at 11.19.00 Нарын ОИИБи: Медицинага чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуутулар өткөрүлдү

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы